Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Ишембиде Палестина менен Израилдин өкмөт башчылары жолугушат


Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен жолугуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу маселесин талкуулайт. Анын алдында палестин автономиясынын министр рангындагы Израиль менен сүйлөшүүлөр боюнча жооптуу өкүлү Саеб Эрекат кызматынан чегинди. Маалымат агенттиктери кабарлашкандай, ал отставкага кетүү жөнүндөгү арызын Палестинанын премьери Махмуд Аббаска тапшырды. Байкоочулар Саеб Эрекат ишембидеги сүйлөшүүлөргө катышчу делегацияга кирбей калгандыктан, кызматынан кетип жатканын айтып жатышат. Палестин лидери Ясир Арафат акыркы 10 жылдан бери Израиль менен сүйлөшүүлөрдүн баарын башкарып келген Эрекаттан өз чечимин кайра карап чыгууну өтүнгөнү кабарланды. Жума күнү Израиль аскерлери Газа секторунда палестин согушкерлерин колго түшүрүүнү көздөгөн кезектеги рейд өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG