Ингушетиянын ички иштер министрлиги Чеченстан менен чектеш аймакта таза суу жүктөлгөн машинеде келаткан аскерлерге буктурмадан бирөөлөр кол салганын билдирсе, Москванын өкүлдөрү алар минага жарылып, набыт кеткенин маалымдашты. Жарадарлардын акыбалы дурус экени жана окуя боюнча Түндүк Кавказ регионалдык прокуратурасы иликтөө жүргүзө баштаганы кабарланды.