Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас 17-майда - акыркы жылдарда Израил менен сүйлөшүү жүргүзүп келген негизги палестиналык дипломат Саеб Эрекаттын кызматтан чегинишин кабыл алды. Чегинүүсү тууралуу Эрекат кечээ күнү жарыялаган, бирок өзүнүн ал аракетине түшүндүрмө берген эмес Байкоочулардын айтымында, эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план түзүп жатканда, Эрекатты ал жараянга кошпой койгон жана азыркы сүйлөшүүлөргө дагы Эрекат чакырылган эмес.