ОШ. Бүгүн Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин жыйындар залында Кыргызстандагы Өзбек улуттук-маданий борборунун II курултайы өттү. Курултайда өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси, кыргыз эл депутаты, академик Махамаджан Мамасаидов отчеттук доклад менен чыгып сүйлөп, борбор тарабынан жасалган 5 жыл ичиндеги алгылыктуу иштер, өзбек элинин Кыргызстандагы орду, айрым проблемалары тууралуу сөз козгоду. Айрыкча курултайда өзбек мектептериндеги окуучуларды окуу куралдары менен камсыз кылууда бул борбор чоң жумуш жасагандыгы баса белгиленди. Жалалабадда өзбек драма театрын ачуу, Ош өзбек музыкалуу театрына академиялык статус берүү, мамлекеттик башкаруу, прокуратура, сот органдарына өзбек улутундагылардан арбыныраак тартуу боюнча сунуштар айтылды. Курултайга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышып, президенттин куттуктоосун окуп берди жана бир катар ишмерлерге президенттин жарлыгы менен берилген сыйлык, наамдарды тапшырды. Өзбек улуттук-маданий борборунун төрагалыгына кайрадан Мухемеджан Мамасаидов шайланды. Курултайда 100 миңден ашуун өзбек улутундагы жарандар жашаган Баткен облусунда улуттук-маданий борбор ачуу тууралуу да маселе козголду. Мындай борборлор буга чейин Ош, Жалалабад облустарында, Бишкек, Токмок шаарларында ачылып, иштеп жатышат.