Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Ысыккөлдө эл аралык жарманке ачылды


КАРАКОЛ. Бүгүн Чолпоната шаарында «Ысыккөл-2003» аттуу эл аралык жарманке болду. Жарманкенин ачылыш салтанатында премьер-министр Николай Танаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өкмөт башчысынын айткандарына караганда, Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүүнүн, аны эл аралык стандартка жеткирүүнүн мааниси терең. Иш-чарада кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар үчүн жер участкаларын сатуу боюнча аукцион өттү. Ошондой эле облуста туризмди өнүктүрүүнүн программаларын жана бир катар туристтик фирмалардын ачылыш аземи уюштурулуп, «Манас Ордо» комплексине чакан саякат жасалды. Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын туристтик фирмаларынын жана облустагы ден-соолук чыңдоочу жайлардын жетекчилеринин, журналисттердин катышуусунда маалымат жыйыны өтүп, анда быйылкы жайкы эс алуу мезгилиндеги артыкчылыктар, айрым маселелер боюнча кеңири сөз болду. Былтыр облустагы 132 эс алуу жайында 1,5 миллион адам ден-соолуктарын чыңдашкан.

XS
SM
MD
LG