БИШКЕК. Өз милдетин абийирдүү аткарбаган банк кызматкерлеринин айынан Кыргызстан өз алдынча банк системасын түзгөн 10 жыл аралыгында 500 миллион доллар чыгым тартты. Кечээ президент Аскар Акаев банк кызматкерлерине кайрылып жатып, ушундай маалыматты келтирди. Анын сөзүнө караганда, Улуттук Банк алданган аманатчылардын акчасын кайтарып берүү максатында буга чейин 500 миллион сом бөлгөн. Мамлекет башчысынын айтымында, банк системасы экономиканы алга жылдыруучу күчкө айлана албай жатат. Мындан ары банк кызматкерлери «инфляцияга тамам» деген ураан менен иштеп, сомдун баркын көтөрүү менен жакырчылыкты жоюуга, экономиканын өсүшүнө чоң салым кошууга тийиш. Президенттин пикиринде, калктын банктарга болгон ишенимин калыбына келтириш керек. Банктар элдин колундагы акчаны реалдуу секторго тартып, экономиканы көтөрүүгө салым кошууга тийиш. Ал эми өз милдетин абийирдүү аткарбаган банкирлер болсо мыйзам алдында катуу жоопкерчиликке тартылышы керек.