Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Эртең Бишкекке ЕККУнун өкүлү келет


БИШКЕК. Эртең Бишкекке Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын Борбордук Азия мамлекеттери боюнча жеке өкүлү Марти Ахтисаари келет. Бул тууралуу бүгүн бул уюмдун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, ЕККУнун төрагасынын өкүлү дүйшөмбүдө президент Аскар Акаев, биринчи вице-премьер-министр жана юстиция министри Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Алтай Бөрүбаев менен жолугушуп, кызматташтык алакаларына жана коопсуздукка байланышкан маселелерди талкууламакчы. М.Ахтисаари ушул эле күнү өлкөнүн экинчи баш калаасы Ош шаарында болуп, облус губернатору Накен Касиев менен да жолугушат. Андан соң ал Өзбекстанга жол тартат.

XS
SM
MD
LG