Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Аксылык аялдар Бишкекте ачкачылык жарыялашты


БИШКЕК. Аксы окуясында жабыркагандардын Бишкекке келген энелери жана туугандары бүгүн ачкачылык жарыялашты. Алардын жалпы саны 18 киши. Бул тууралуу ачкачылыкта отургандардын бири Сагынбаева Алтын билдирди. Анын айтымында, аялдар президент Аскар Акаевге жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлмөйүнчө ачкачылыгын токтотушпайт. Мындай кадамга барышына алардын милиция кызматкерлери тарабынан күч менен кармалышы себеп болгон. Бул окуя кечээ аксылык аялдар президент Аскар Акаевге жолугуу максатында Өкмөт Үйүн беттеп баратканда болгон. Аксы окуясында набыт болгон Сатынбай Үркүнбаевдин бир тууганы Нурбүбү Үркүнбаева бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүм кызматкерлеринин кечээки аракеттерин териштирип берүүнү суранып, Биринчи Май райондук прокуратурасына кайрылганын билдирди. Анткени милиция кызматкерлери менен аксылык аялдардын талаш-тартышынын учурунда башына сокку урулган Үркүнбаева Бишкек шаарындагы № 4-ооруканага жаткырылган. Бул окуяга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аксы шайлоо округу боюнча депутаты Азимбек Бекназаров жана ал жетектеген «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы президентке, премьер-министрге, башкы прокурорго, ички иштер министрине, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна кайрылды. Кайрылууда аксылык аялдарды кармоонун себебин тактап, бул окуянын күнөөкөрлөрүн жазалоо жана аялдарды куугунтуктоону токтотуу өтүнүчү айтылган.

XS
SM
MD
LG