Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Аксылык аялдар Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышаарын эскертишти


БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат 10до Жалалабад облусуна караштуу Аксы районунун Карасуу айыл өкмөтүндө чоң жыйналыш болуп, ага Аксынын жүздөгөн аялдары катышты. Жыйындын катышуучулары Бишкеке келген аялдардын абалына байланыштуу тынчсызданууларын билдиришип, бийлик өкүлдөрүнө эки күндүн ичинде борбор калаада ачкачылык жарыялап отургандардын мүдөөсүн канааттандырууну талап кылышты. Аксылык аялдар, эгерде алардын талабы аткарылбаса, Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгууга камданышууда. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Аксы районунун Карасуу айыл өкмөтүнүн тургуну Гүлбү Мамакеева билдирди. Ушул эле күнү Аксыда «Энелер кыймылынын» да жыйыны өтүп, анда да бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG