Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

ЕККУнун төрагасынын Борбордук Азия боюнча өкүлү Бишкекке келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын Борбордук Азия региону боюнча жеке өкүлү Марти Ахтисаари келди. Бул тууралуу маалымат ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен алынды. Эртең Марти Ахтисаари президент Аскар Акаев, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушмакчы. Жолугушууларда тараптар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Борбордук Азия регионундагы коопсуздукка байланыштуу маселелерди талкуулашы болжолдонууда. Ушул эле күнү ЕККУнун баш кеңсесинин өкүлү Ош шаарында болуп, облус губернатору Накен Касиев менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG