Ишемби күнү Тайванда өнөгөсүз өпкө илдетинен дагы төрт адам каза болуп, 36 жаран ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу жекшемби күнү өлкөнүн Саламатыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, учурда Гонконг, Вьетнам жана Канадада мындай коркунучттуу дарттын жайылышын алдын алуу аракеттери бир аз болсо да натыйжа берди. Бирок миллиардда ашуун калкы бар Кытайда абал оор бойдон калууда. Бүгүнгө чейин мындай дарттан дүйнө жүзү боюнча 620 адам каза болуп, 7 миңден ашуун адам ооруну жуктуруп алган.