Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

МАРОККОДОГУ ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУ БОЮНЧА ШЕКТЕЛИП 30 АДАМ КАМАККА АЛЫНДЫ


Ишемби күнү Мароккодо болгон террордук жардырууну беш топко бөлүнгөн он төрт адам уюштурган. Жангечтилердин он үчү каза болуп, бирөө тирүү колго түштү. Ошондой эле жардырууга катышы бар деп шектелип 30 адам камакка алынды. Бул тууралуу Марокконун Ички иштер министри Мостафа Сахел бүгүн эрте менен улуттук теле көрсөтүү аркылуу билдирди. Анын айтымында, мерт болгон жангечтилердин алтоосунун аты жөнү такталды. Алар марокколук жарандар. Бирок жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир кылмыштуу топ мойнуна ала элек. Ишемби күнү Марокконун Касабланка шаарындагы Жөөт маданий борборунда, испаниялык клубда, Белгиянын консулдугунда жана кымбат ресторанда болгон жардыруудан 41 адам каза болуп, 100 гө жакын адам жарат алды.

XS
SM
MD
LG