Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУДАН ДАГЫ ЖЕТИ ИЗРАИЛДИК КАЗА БОЛДУ


Бүгүн эрте менен Израилде болгон жардыруудан жети адам каза болуп, бир нече киши жарат алды. Жангечтинин бирөө эл ташыган автоунаада, экинчиси эл арасында өзүн-өзү жардырды. Жарылуу Израилдин премьер-министри Ариель Шарон менен Палестинанын жаңы өкмөт башчысы Махмуд Аббастын жолугушуусунан соң болду. Жааташкан тараптардын жетекчилери соңку жарым жылда биринчи жолу көзмө-көз жолугушуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча АКШ баш болгон өлкөлөр сунуш кылган «Жол картасы» планын талкуулашкан.
Жардыруудан соң Ариель Шарон өзүнүн министрлер кабинети менен шашылыш жыйын өткөрүп, АКШда боло турган иш сапарын белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды.

XS
SM
MD
LG