Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Азербайжанда оппозиция ири демонстрация өткөрдү


Кечээ Бакы калаасында 25 миң киши катышкан демонстрация өтүп, чогулгандар президент Гейдар Алиевдин отставкасын талап кылышты.
Түркияда тогуз күн дарыланган Алиев мындан эки күн мурда биринчи жолу эл алдына чыккан эле. 80 жаштагы Алиев өткөн айда сыналгыдан сүйлөп жатканда эс-учун жоготуп койгон.
Кечээки демонстрацияда айрым оппозиция лидерлери Алиевди жана анын өкмөтүн коррупцияга малынган, жеке бийлик жүргүзөт деп айыпташты. Бирок чыгып сүйлөгөндөрдүн бирөө октябрдагы президенттик шайлоодо демократиячыл күчтөр жеңип чыкса, Азербайжандын экономикасы оңололот деген ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG