Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

АКШнын Ирактагы администратору Мосулдун жаңы шаар кеңешине жогору баа берди


Ирактын АКШ дайындаган администратору Пол Бремер кечээ Мосулда болуп, көп улуттуу шаарда жергиликтүү кеңештин шайланышын "түйүлдүктөгү демократиянын зор үлгүсү" деп мүнөздөдү.
Бремер ошол эле кезде "Кошмо Штаттары бийликти Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүп берүү планын кийинкиге калтырып жатат" деген маалыматты төгүнгө чыгарды.
Мосулда Бремер жаңы шаар акими Ганим ал-Бассо жана башка кеңеш мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүздү. Кабарларга караганда, Мосулда ахвал тынч эмес. Бир жагынан мурдагы Ирак армиясынын офицерлери айлык-маянасын талап кылып, экинчи жагынан күрдөрдөн куугунтук жеген араб тургундары демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG