АКШнын армиясы бүгүн Ирактагы америкалык аскерлердин апта соңундагы жоготууларын жарыялады.
Багдадда ишемби күнү жарылбай калган бомбанын жарылышынан бир аскер каза таап, үчөө жараат алды. Аскер башчылары "кечээ дагы бир кокустуктан бир аскер окко учту" деп билдиришти. Ошондой эле Түштүк Иракта жүк ташыган машина аңтарылып кеткенде, америкалык бир аскер курман болуп, дагы бири жараат алды.
Каза тапкан америкалык аскерлердин ысымдары ачыкка чыгарылган жок, АКШ армиясынын Борбордук башкаруу бөлүмүнөн тергөө жүрүп жаткандыгы кабарланды.