Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Баткендин Төрткүл айылында шайлоо өттү


БАТКЕН. Областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдун 19-майда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Баткен районундагы Төрткүл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи айлампасына жалпы шайлоочулардын 83,4 % катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Калдар Ташбеков 55, 1% добуш менен жеңишке жетип, аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланды. Ал буга дейре Баткен райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүндө бөлүм башчы болуп эмгектенген. Аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Темирбек Төлөбаев жыл башында өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошогон.

XS
SM
MD
LG