Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Адам аткезчилик маселеси талкууланды


БИШКЕК. 19-майда адамдарды чет өлкөлөргө мыйзамсыз сатуу боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Анда адам аткезчилигине бөгөт коюу үчүн Кыргызстандын тиешелүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жаза берүүнү күчөтүү маселеси талкууланды. Бул багытта адам аткезчилиги курчуп кеткен Украинанын прокуратурасынын алдындагы академиянын окутуучусу Ирина Зарицкая маалымат берип, кайсы мыйзамдарга кандай өзгөртүү киргизүү зарылдыгын кабарлады. Жыйында бул проблеманы жөнгө салуу үчүн эларалык миграция уюму Кыргызстанга техникалык жардам берерин уюмдун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Фредэрик Шенэ билдирди.

XS
SM
MD
LG