Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

ЕККУ төрагасынын өкүлү Бишкекте


БИШКЕК. 19-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча жеке өкүлү Марти Ахтисаари Кыргызстандагы саясий партия, коомдук, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар Марти Ахтисаариге мыйзам бузуулар, адам укугун басмырлоолор болсо да, Кыргызстандын бийлигинде тургандар жазаланбай келаткандыгы, акыркы кезде басма сөзгө басым күчөгөндүгүн билдиришти. Ага премьер- министр Николай Танаевдин эркин гезиттерге каршы берген доо арыздары негиз берерин кабарлашты. Ал эми Марти Ахтисаари менен кездешүүсүндө биринчи вице-премьер- министр Курманбек Осмонов адам укугун коргоо боюнча атайын бап Конституциянын жаңы редакциясына киргизилгендигин, адам укугун коргоочу Акыйкатчы иштей баштагандыгын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG