Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

«Ар намыс» партиясы билдирүү таратты


БИШКЕК. «Ар намыс» партиясы дүйшөмбүдө милициянын куралсыз, тынч бараткан жарандарга күч колдонушун айыптаган билдирүү таратты. Анда милицияны азыркы бийлик саясий күрөштүн куралына айлантып, кылмышкерлерди кармоо сыяктуу түз милдетин аткаруудан алыстатканы, алардын кесиптик чеберчилигинин төмөндөшүнө алып келгендиги айтылган. Муну 15-майда Жалалабадда болгон окуя дагы бир ирет далилдегени белгиленген. «Кыргызстан адам укугун барктаган өлкө» деп жарыяланган шартта тынч пикетке чыккан жана адилеттик талабы менен борборго келген энелерге күч колдонушун, бүт өлкөнү коррупциянын капташын айыптайбыз»,- деп белгиленген билдирүүдө. Бул тууралуу 19-майда «Ар намыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиев маалымдады.

XS
SM
MD
LG