Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Аксылык аялдардын кармалышы боюнча парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кабыл алды


БИШКЕК. Аксыдан келген аялдардын милиция кызматкерлери тарабынан кармалышын парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны 19 –майда талкуулап, атайын токтом кабыл алды. Токтомго ылайык Аксы окуясында жакындары жабыркаган аялдардын Бишкекте кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылды. Аксы окуясына адилет баа берүү жана күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен борборго келген 30дан ашуун аялды 16-майда милиция кызматкерлери кармаган эле. Милициянын кармоосун «адилетсиздик» деп атаган энелер 17-майда ачкачылык акциясын башташкан. Жалалабад облусунун Кызылжар шаарчасындагы аялдар тартип коргоо органдарынын энелерге жасаган мамилесин кордук катары баалашып, 19-майда президентке кайрылуу кабыл алышты. Анда ачкачылыкта отурган энелердин талабын аткаруу, эгерде ал аткарылбаса борборго жөө жүрүш акциясын баштаарын билдиришкен. Кайрылууга 30 жакын эне кол койгон. Бул тууралуу Кызылжардан Аксы райондагы «Энелер кыймылынын» мүчөсү Айна Медетбекова билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG