АКШнын Ирактагы администрация башчысы Пол Бремер жакынкы күндөрү аталган өлкөнүн өткөөл мезгилдеги өкмөтүн жана улуттук парламентин түзүүнү сунуштады.Ошондой эле ал Ирактагы ички тартипти жана майда кылмыштуулукту азайтуу үчүн күчөтүлгөн тартип киргизилээрин, эгерде мындай аракеттер да натыйжа бербесе, чукул кырдаал жарыялана тургандыгын билдирди. Соңку сааттарда эле Иракта чет-элдик солдаттарга кол салып жана уурдап-тоногон жүздөн ашуун адам колго түштү. Саддам Хусейн октябрь айында Ирактын түрмөлөрүнөн миңдеген кылмышкерлерди бошотуп жиберген.