Дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму баш болгон 18 абройлуу уюм, Израил бийлигинин Газа тилкесине баручу жолду жабышын айыптаган билдирүү таратты. Билдирүүдө жөөт бийлигинин мындай аракеттери Газа тилкесинде жашаган палестиналыктардын жана башка чет-элдик жарандардын ары бери катоосун оорлотоору айтылган. Ал эми ушул эле күнү Израилдин Коргоо министри Шаул Мофаз “эгерде, Палестина президенти Ясир Арафат аталган аймакта тынчтык орнотуу аракеттерине каршылыгын токтотпосо, Израил бийлиги Ясир Арафатты Газа тилкесинен чыгып чыгып кетүүсүн талап кылат” деп билдирди.
Ал эми соңку окуялар боюнча Ясир Арафаттын пикири төмөндөгүчө:
- Мен террордук аракеттерди толук айыптайм. Бирок жөөт бийлигинин мени атымды каралоого жасаган аракетин эстен чыгарбаңыздар.
Ал эми соңку окуялар боюнча Ясир Арафаттын пикири төмөндөгүчө:
- Мен террордук аракеттерди толук айыптайм. Бирок жөөт бийлигинин мени атымды каралоого жасаган аракетин эстен чыгарбаңыздар.