Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Израилдин премьер-министри Ариел Шарон АКШга келди


Израилдин премьер-министри Ариел Шарон 20-майда АКШга келип, президент Жорж Буш менен жолугат. Эки жетекчи - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык коомчулук иштеп чыккан жаңы планды талкуулайт. АКШ жетекчилигинин айтымында, жакында Израилде орун алган террор аракеттерине карабай, Палестинанын жаңы премьер-министри Махмуд Аббас терроризмге каршы катуу күрөшөөрүнө Вашингтон ишенет. "Мен баары бир тынчтык жараянын алдыга жылдырам. Бирок ал оңой болбой турганы да анык. Тынчтыкты кабыл албагандар бар, алар ар башка террор аракеттерин уюштуруп жатат, бул абдан кейиштүү, бирок биз жараянды улантабыз ", - дейт АКШ президенти Жорж Буш. Буш бүгүн телефон аркылуу Аббас менен сүйлөштү. Акыркы үч күндө Израилде беш террор аракети ишке ашырылып, 12 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG