Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Мароккодогу жардыруулар менен байланыштуу эки адам камакка алынды


Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери - жума күнү Мароккодо болгон террордук жардырууларды уюштургандарды сынга алууда. Ливандын шийи мусулмандарынын башчысы Мохаммед Хусейн Фадлалла аларга каршы батыба да жарыялады. Марокконун Касабланка шаарында 16-май күнү беш жардыруу болуп, андан 40 адам каза тапты. Өлгөндөрдүн он экиси - террор аракеттерин ишке ашырган жанкечтилер болуп чыкты, алардын дагы экөө кийин кармалды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммед Бенайссанын айтымында, Касабланкадагы жардыруунун артында чет өлкөлүктөр турат.

 

XS
SM
MD
LG