Ирак боюнча АКШ сунуштаган резолюция Бириккен Улуттар Уюмунда талкуулануда жана Вашингтон 19-май күнү Коопсуздук Кеңешине анын жаңы редакциясын тапшырды. Ага ылайык, ар башка өлкөлөрдүн сунушу менен согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү иштеринде Бириккен Улуттардын мааниси көтөрүлүүдө. Уюмдагы АКШнын өкүлү Жон Негропонтенин айтымында, резолюцияны колго салууга убакыт жетти: "Башка өкүлдөр айткан сунуштарды эске алууга биз бардык мүмкүн болгон аракетти көрдүк. Биздин пикир боюнча, резолюциянын тексти жогорку сапатка жеткирилди жана ал адилет жана толук иштелип чыкты". Резолюция боюнча, Ирактын мунайын сыртка сатуудан түшкөн каражатты коалициялык аскерлер өлкөнү кайра курууга жумшайт, "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программа болсо алты айдын ичинде токтолулат. Ал эми эл аралык инспекторлорду Иракка кайтарып келүү маселесин кароо кийинкиге калтырылды.