ТАЛАС. Бул туурасында бүгүн Бакайата райондук администрациясынын башчысы Каныбек Курманбеков маалымдады. Социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү жана жардылыкты азайтуу боюнча өкмөт уюштурган конкурста райондун эли 25 млн.675 миң сомдук иштерди бүтүргөндүгү жана жардылыктын деңгээлин 4,5 % азайткандыгы үчүн жеңүүчү деп табылган. Район буга гранттык долбоорлордун, өкмөттүк кредиттин, «ашар» ыкмасынын жана башка булактардын эсебинен жетишкен. 41 миң калкы бар, 9 айыл өкмөтүнөн турган район элинин мындай жетишкендиги облуста биринчи ирет болуп отурат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов