БИШКЕК. Бишкек шаарынын 13-14-июнда боло турган 125 жылдык мааракесине карата борбордун 15 чакырымдык жолу ремонттолот. Мындай маалымат бүгүн Бишкек мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Кайрат Биримкуловдон алынды. Анын маалыматына караганда, азыр жолдорду ремонттоо жана көрктөндүрүү иштери шаардын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө. Ал эми Бишкек ТЭЦинин директору Лев Васильевдин айтымында, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө жылуу суу 5-июнда берилет. Анын сѳзү боюнча, азыр жылуу сууну ѳз убагында бериш үчүн суу түтүктөрүнүн ремонту күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана ага быйыл 800 миң сом бөлүнгөн.