Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Авиакеросинден акциз алынбайт


БИШКЕК. Кыргызстанга импорттолуп келген авикеросинден акциздик салык алыш кыйын. Анткени авиакеросин «Бишкек» эркин экономикалык аймагы аркылуу сатылат. Эркин экономикалык аймакта болсо экспортко байланыштуу 3-4 режим иштейт. Ал режимдер Кыргызстан ратификациялаган бир катар эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, аталган келишимдердин арасында «Ганси» аба базасы боюнча кыргыз-америка өкмөт аралык келишими да бар. Бажы комитетинин төрагасынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин айтымында, «Манас» аба майданынан учактардын сыртка учушу, анын ичинде АКШ баштаган Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерий учактарынын да Ооганстанга учушу экспорт катары бааланып, алар пайдаланган авиакеросинден акциз салыгы алынбайт. Мыйзам чыгаруу жыйыны авиакеросинге акциздик салыкты былтыр киргизгенине карабай, өкмөт ал салыкты жыйноодон баш тартып, натыйжада бюджет 2002-жылы эле 460 млн. сомдук зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG