БИШКЕК. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин билдирүүсүнө караганда, Чехия өзүнүн Куралдуу күчтөрү колдонгон курал-жарактарынын бир бөлүгүн Кыргызстанга берүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт жыйынында кабарлаган Николай Танаевдин айтымында, социализм доорунда чехословакиялык жана советтик аскерлер колдонгон курал-жарак кийин, Чехия Түндүк Атлантикалык Альянска кирген соң жараксыз болуп калган. Андыктан Н. Танаев бул маселени тезинен чечүүнү Коргоо министрлигине тапшырды. Ал эми бул министрликтин басма сөз кызматынан бүгүн алынган маалыматка караганда, маселени такташ үчүн Чехияга атайын адистерден турган делегация барууга тийиш.