Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Кытай элчилиги жер көчкүдөн жапа чеккендерге жардам берди


БИШКЕК. Бүгүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Сяо Цинхуа Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүш үчүн 5 миң долларды Улуттук кызыл жарым ай коомуна тапшырды. Кызыл жарым ай коомунан ушул күнү алынган маалыматка караганда, бул каражатка жер көчкү болгон аймактан башка жерге көчүрүлгөн 350 үй-бүлөгө тамак-аш сатылып алынып, жеткирилет. Анткени башка жакка көчүрүлгөн тургундар тамак-ашка, кийим-кечекке жана күндөлүк керектелүүчү буюм-тайымдарга муктаж болуп жатышат. 20-апрелде Өзгөн районунун Каратарык айылында болгон жер көчкүдөн 38 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG