БИШКЕК. Президент Аскар Акаевге жолугушканы Аксы районунан Бишкекке келген аялдар бүгүн да ачкачылык акциясын улантышты. Алар менен бул күнү Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жолугуп, президентке жолдогон кайрылуусун тапшыртыш үчүн 5 аялды Өкмөт Үйүнө алып барды. Президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов аялдар менен жолугуп, кайрылууну алганы чыкканда алар аны «президенттин өз колуна гана тапшырабыз» деп бербей коюшту. Ал эми 17-майдан бери ачкачылык жарыялап олтурган энелердин абалын бул күнү Бишкектин № 3-бейтапканасынын дарыгерлери Турсун Айдарбекова менен Турдумат Мүсүралиев келип текшеришти. Алар беш аялдын кан басымдары көтөрүлгөндүгүн ырасташып, ачкачылыкты тезинен токтотууну сунуш кылышты.