Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Ядролук адистер Иракка кайтып барыштары мүмкүн


АКШнын коргонуу министри Дональд Рамсфельд Бириккен Улуттар уюумунун ядролук эксперттеринин Иракка кайтып барышына АКШнын армиясы каршы эмес экенин бышыктады.

- Мен Ирактагы америкалык аскерлерди башкарган генерал Фрэнкс менен акылдаштым жана мен түшүнгөндөн, ал адистерге каршы эмес. Бул тууралуу биздин өкмөткө да билдирилди.

Бириккен улуттар уюмунун ядролук эксперттери Буштун администрациясына Иракта уурдалган радиоактивдүү материалдарга байланыштуу бул өлкөгө кайтып барууга кысым көрсөтүп келатышат. Кошмо Штаттары азырынча БУУнун курал инспекторлорунун кайтып келишине макул боло элек.

XS
SM
MD
LG