Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Кошмо Штаттарында террор коркунучуна даярдык күчөтүлдү


Сауд Арабиядагы жана Мароккодогу соңку чабуулдарга байланыштуу, ошондой эле АКШнын өзүндө коркунуч бар деген чалгын маалыматтарына таянып, Вашингтон террордук коркунучка даярдыктын деңгээлин үчүнчүдөн экинчи баскычка жогорулатты.
Мунун алдында, АКШ, Британия жана Германия Сауд Арабиядагы элчиликтерин жана айрым консулууктарын убактылуу жаап жаткандыгын жарыялашкан. Мамдепартаменттин маалымат катчысы Ричард Баучер мындай деди:

- Сауд Арабияда такталбаган буталарга каршы жаңы террордук чабуулдар даярдалып жаткандыгы туруралуу ишенимдүү маалымат бар.

Сауд Арабияда кечээ террористтик "ал-Каида" уюумуна мүчө деп шектелген үч киши кармалды. Өткөн аптада Сауд Арабиянын баш калаасында орун алган Батыш жарандары турган комплекстеги жардыруу үчүн, АКШ жана жергиликтүү бийликтер "ал-Каиданы" айыпташкан эле.

XS
SM
MD
LG