Долбоорду өлкө президенти В.Путин өткөн аптада Мамлекеттик думага сунуш кылып, аны тезинен колдоп берүүнү өтүнгөн. Жаңы мыйзам долбоордо 1-августка дейре куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берип, козголоңчул аракеттерге катышуудан баш тарткан согушкерлерге ырайым этүү каралган. Чеченстандагы сепаратисттик кыймылдарга катышкан чет элдик аскерлердин, ошондой эле киши өлтүрүү, же уурдап кетүү өңдүү оор кылмыштарга аралашкан согушкерлердин күнөөсү кечирилбейт.
Орусиялык депутаттар айрым чечен согушкерлерине мунапыс жарыялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорду талкуулай баштады