Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

"Ал-Жазира" телеканалы "Ал-Каидадан" дагы бир кабар таратты

Катардык "Ал-Жазира" телеканалы шаршембиде Усама бин Ладендин башкы орун басары, египеттик Айман Ал-Завахринин үнү жаздырылган тасманы угузду. Завахри анда бардык мусулмандарды америкалык жарандарга, компанияларга, Батыштын өкүлдөрүнө, жөөттөргө каршы куралдуу чабуул коюуга, Израилди исламдын жергесинен сүрүп чыгарууга үндөгөн. "Ал-Жазира" бул аудиокассетаны кайдан алганын кабарлаган жок жана анда жаздырылган үн "Ал-Каиданын" жетекчилеринин бири Ал-Завахриге таандык экенин да эч ким азырынча тастыктай элек.
XS
SM
MD
LG