АКШ аскерлери Кабулдагы америкалык элчиликтин жанында 4 ооган жоокерин атып өлтүрүп, дагы төртөөнү жарадар кылышты. Ооганстандын бийлик өкүлдөрү америкалык аскерлер АКШ элчилигин көздөй кимдир-бирөө куралын буруп, кол салганы жатат деп жаңылыш ок ачып алган деп кабарлашты. Америкалык элчилик АКШ тараптан эч ким жабыр тартпаганын, окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.