Багдаддагы америкалык башкаруучу Пол Бремер Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча жалпы улуттук жыйын мурда пландаштырылгандай, июнда эмес, июль айынын ортосунда өтөт деп билдирди. "Ассошиейтед пресс" агенттиги жарыялаган интервьюсунда Бремер жыйынды кийинкиге жылдыруунун себептерин чечмелеген эмес. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Иракка каршы экономикалык санкцияларды алып салууну караган резолюцияга добуш берүү бейшембиде өтөөрү күтүлөт. Анын алдында Франция менен Орусиянын тышкы иштер министрлери документтин айрым жоболору өзгөртүлүүгө тийиш деп билдиришти. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иракка барып, массалык кыргын салуучу курал издей турган эл аралык инспекторлордун санын АКШ азайтып-чектеп койгонун маалымдады.