Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Бишкекте аксылык аялдардын ачкачылык акциясы уланууда


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев менен жолугушууга ниеттенип Аксыдан келген аялдар ачкачылык акциясын бүгүн да улантышты. 17-майда ачкачылык акциясын баштаган 18 аялга бүгүн Турсунбүбү Четимбаева менен Айнек Сагынбаева кошулду. Нааразылык акциясын кармап жаткандардын өкүлдөрү менен президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов кечээ кечинде жолугушкан. Анда аялдар өз талаптарын Коопсуздук Кеңешинин катчысына жазуу түрүндө тапшырышкан. Мисир Ашыркулов өз кезегинде ал талаптарды президентке жеткирүүгө аракет кылаарын билдирген. Бул тууралуу бүгүн «Энелер кыймылынын» жетекчиси Дилбар Момункулова кабарлады. Бүгүн № 3-бейтапкананын дарыгерлери Бермет Алтаева, Турдубай Мүсүралиев жана Алла Костенко ачкачылык кармап отургандардын абалын текшерип чыгып, тогузунун ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылык акциясын токтотууга чакырышты. Ачкачылык кармаган аялдар Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалоону, тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча документтерди жабырлангандарга берүүнү талап кылышууда. Бүгүн Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу: «Аксыдан келген аялдарды 16-майда күч колдонуу менен кармоого жогорку бийлик органдарынын тиешеси жок, аны жергиликтүү милиция кызматкерлери өз демилгеси менен жасашкан», - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG