Париж шаарында 22-май күнү дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекети менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды. Алар Ирак, Жакынкы Чыгыш жана террорчулук маселелерин талкуулоодо. Июн айынын башында Франциянын Эвиан шаарында бул сегиз өлкөнүн мамлекеттик жетекчилери саммитке чогулат жана аларга Кытай төрагасы да кошулат.