Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук банкынын төрагасы Алан Гринспендин айтымында, келерки айларда пайдалануудагы америкалык долларлардын саны кыскартылышы мүмкүн, бирок АКШ жетекчилиги аны жакындатпоо аракеттерин көрөт. Сенаттын Биргелешкен экономикалык комитетинде чыгып сүйлөп, Гринспен - берилген насыялардын сүт акысын банк кыскартат жана Каржы министрлиги чыгарган баалуу кагаздарды да сатып алып, банк - начарлап бараткан экономиканы колдоого аракеттенет деп билдирди. Гринспендин айтымында, инфляциянын кайталанганынан мурда дефляция болушу мүмкүн.