Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Медакадемияга эл аралык эксперттер баа беришти


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы эл аралык стандартка ылайык билим берүү максатында төрт жылдан бери АКШнын бир катар медициналык окуу жайлары менен кызматташууда. Бул тууралуу 22-майда академиянын президенти Искендер Акылбеков Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияга байланыштуу берген маалымат жыйынында билдирди. Конференцияга АКШдан жана Борбор Азиядан келген эксперттер катышууда. Эл аралык эксперттердин баамында Медицина академиясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен мыкты окуу жай катары бааланат. Анда чет өлкөлүк 150 студент окуйт. Кыргызстанда медициналык билим алуу үчүн чет өлкөлүк жаран жергиликтүү студентке караганда эки эсе көп каражат төлөйт. Академия ушундай экономикалык кызыкчылыкты эске алуу менен чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүүнү болжоп жатат. Акылбековдун билдиришинче, академия буга чейин12,5 миң дарыгерди даярдаган. Келечекте алардын саны 80 миңге жетиши күтүлөт.

XS
SM
MD
LG