Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Өзгөндө кайрадан жер көчкү болду


БИШКЕК. 21-майда саат 12ден 40 минут өткөндө Өзгөн шаарынан 25 километр алыста Мырзаке-Карашоро автожолунун 12-километрине узундугу 750 метрге, бийиктиги 10 метрге жеткен жер көчкү түштү. Мындай маалымат Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Жер көчкүдөн жапа чеккен адамдар жок. Бирок көчкүнүн алдында 9 уй жана электрэнергиясын берүүчү 9 мамы калды. Көчкүнүн кесепетинен 15 миң эли бар Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн бир нече айылдары бири-бирине катташа албай калышты. Жолду ачуу кеминде эки айга созулушу мүмкүн болгондуктан, Кызыл-Тоо айылы аркылуу башка жол ачуу каралууда.

XS
SM
MD
LG