Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстанда


БИШКЕК. Эки күндүк ырасмий иш сапары менен Кыргызстанга 21-майда келген Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Маргерита Боливер айым 22-майда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолукту. Жолугушууда Италия менен Кыргызстан ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жакшыртуунун жолдору талкууланды. Жолугушуудан кийин маалымат берген Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстан үчүн Италия «Чоң жетиликке» кирген мамлекеттер арасынан экономикалык чөйрөдө тыгыз кызматташпаган мамлекет болуп эсептелет жана бул кемчилик четтетилет.
«Эки мамлекет ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү өтө аз. Биз үчүн Италиядан түз инвестиция алып келүү маанилүү. Бул үчүн күз айларында Италиядан бизнесмендердин чоң тобу Кыргызстанга келет», - деди Жоомарт Оторбаев.
Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2001-жылы 4,4 миллион долларды гана түзгөн.

XS
SM
MD
LG