ЖАЛАЛАБАД. Шаар соту аларды республиканын кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү жана 8-пунктуна ылайык күнөөлү деп тапты. Соттун өкүмү менен топтун жетекчиси Тажибаев Низамидинге, аны менен чогуу кылмыш жасаган Сатыбалиев Абдымалик менен Хасанбай Номановго өлүм жазасы берилди. Эргашев Камалди менен Кочкаров Равшан ар бири 20 жылдан түрмөгө кесилди. Абдувалиев Яхидин 4 жыл абакта отура турган болду. 1999-жылдан бери 2003-жылдын март айына чейин алар 8 кишиге жырткычтык менен кол салышып, алардан 280 миң сомдук алтын жана баалуу буюмдарды, акчаларды карактап алышкан, бир адамды өлтүргөндөн кийин өрттөп ийишкен, бир үй-бүлөдөн 3 кишини, анын ичинде 5 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.