Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Европийди уурдады деп шектелген адамдар кармалды


БИШКЕК. Орловкадагы химия-металлургия заводунан 402 килограмм европийдин оксиди жана кремнийди уурдады деп шектелген үч адам шаршемби күнү кармалды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Кемин райондук ички иштер кызматынын башчысы Жеңишбек Кенжебаев кабарлады. Анын билдиришинче, өнөр жай өндүрүшүндө колдонулчу бул металлдар каражат табуу максатында уурдалып, аны Кытай, Орусия, Өзбекстан өңдүү өлкөлөргө сатуу болжолдонгон, бирок, металлды сатууга мүмкүнчүлүк болбогон. Шектүү адамдар менен кошо түстүү металлдардын 100 килограммы, башкача айтканда, 1,5 млн. сому кайтарылды. Уурдалган металлдын жалпы көлөмү 5 миллион сомго барабар. Кылмышты иликтөөгө беш ай ичинде 100 миң сом чыгымдалган.

XS
SM
MD
LG