Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Өкмөт башчысы менен пенсионердин соту башталды


БИШКЕК. 22-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда премьер-министр Николай Танаев менен «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, пенсионер Михаил Корсунскийдин ортосундагы сот жараяны башталды. Сотко өкмөт башчысынын өзү келген жок, анын кызыкчылыгын соттун жүрүшүндө адвокат Николай Жучков коргоодо. Бирок Михаил Корсунский менен «Моя столица-новости» гезитинин башкы редактору Александр Ким адвокат Николай Жучковдун сотто Николай Танаевдин кызыкчылыгын коргоого укук берүүчү документтеринин туура эместигин судьяга айтышты. Бирок судья Албанова Михаил Корсунский менен Александр Кимдин мындай сунушун кабыл алган жок. Сотто Михаил Корсунский жазган макаласында өкмөт башчысын акча уурдады деп күнөөлөбөгөндүгүн айтып өттү. Соттун кийинки жараяны 30-майга белгиленди. Премьер-министр Николай Танаев Михаил Корсунскийдин 2-апрелде «Моя столица» гезитине жарыяланган «Селейменин дарысы-сот» деген макаласы үчүн автордон 2,5 млн. сом, басылмадан 5 млн. сом, гезиттин уюштуручусу Александр Кимден 10 млн. сом айыппул талап кылып, сотко арыз берген.

XS
SM
MD
LG