Окуянын себептери акырына дейре иликтене элек, бирок Стамбул шаарынын башкаруучусу Муаммер Гүлер алгачкы жыйынтыктарга таянып, кафеде газ баллону жарылган деген жоромолун маалымдады. Мындан эки күн мурун борбор шаар - Анкарадагы кафенин алдында бир жанкечти өзүн өзү жардырган эле. Ошондон тарта Түркияда террорчул аракеттердин коркунучу өсө түшкөн.