Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Багдадда “Баастын” жетекчилеринин бири кармалса, Фаллужада америкалык аскерлер эки адамды атып өлтүрүштү


Ирактагы америкалык командачылык бейшембиде Саддамдын "Баас" партиясынын жетекчилеринин бири Азиз Сажих Ал-Нуман колго түшүрүлгөнүн жарыялады. Ал Вашингтон түзгөн Саддамдын жакын санаалаштарынын 55 кишиден турган тизмесинде 8-сапты ээлеген. Ал эми өткөн түнү Фаллужа калаасында АКШлык аскерлер эки адамды атып өлтүргөнү кабарланууда. Америкалык капитан Майк Рейдмюллер шаардагы бейпилдикти көзөмөлдөп жүргөн аскерлер адегенде аларга кимдир бирөө кол салгандыктан ок ачышканын айтат. "Биз кечки күзөттө жүргөн чакта, кимдир-бирөө аскерий машинелердин бирине граната ыргытып, автоматтан аткылай баштады. Ошондон кийин биз ал тарапка бурулуп, топтошуп турган адамдарды көздөй ок ачтык", - дейт капитан Рейдмюллер. Ал америкалык тараптан эч ким жабыр тартпаганын кошумчалай кетти. Ошол эле учурда Фаллужанын тургундары Ройтерс маалымат агенттигине АКШлык аскерлер эч себепсиз эле көчөдө турган адамдарды аткылап киргенин айтып беришкен. Тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG