Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Сауд Арабия, АКШ жана башка өлкөлөр жаңы террордук чабуулдардан чочулап, коопсуздук чараларын күчөтүүдө


АКШ президенти Жорж Буш шаршембиде Америка кайсыл жерде болбосун, террорчулардын катыгын берүүгө даяр деп белгиледи. "Ооганстандагы аскерий операциялар көргөзгөндөй, биз террорчулар тоо арасына жашырынып алып, караниет пландарын ишке ашырышына жол бербейбиз. Ошондой эле Ирактагы согуш айгинелегендей, кайсы бир террорчул уюм, же мамлекет массалык кыргын салуучу куралын силкип, дүйнө жүзүн коркутса, кайдыгер отуруп калбайбыз", - деди Жорж Буш. Шаршембиден тарта АКШ, Британия жана Германия Эр-Рияддагы элчиликтерин убактылуу жабышкан. Бүгүндөн тарта Ослодогу америкалык элчилик да ишин токтотту, анткени "Ал-Жазира" телеканалы угузган кайрылуусунда "Ал-Каиданын" жетекчилеринин бири Айман Ал-Завахри кол салууга туш болчу өлкөлөр арасында Норвегияны да атаган.

XS
SM
MD
LG